Жаңылыктар
Базар-Коргон районунун 27 тургуну салатка ууланды
Ден соолук
Базар-Коргон районунун 27 тургуну салатка ууланды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун тургундары салатка ууланды. Ууланып райондук ооруканага түшкөндөрдүн саны 27ге жетти. Арасында абалы оор болгондору да бар экенин дарыгерлер билдирет. Уулангандардын баары 15-апрель күнү кыз узатуу тоюнда бир болушканы маалым болду.

17-апрель күнү Могол айыл аймагынын тургундарынын тогузу массалык түрдө райондук оорукананын жугуштуу ооруулар бөлүмүнө келип түшкөн. Дарыгерлер абалы начарлап кайрыландарга ыкчам жардам көрсөтүшкөн. Кечетен бери ичи ооруп, башы ысып, алсырап кайрылгандардын саны 27ге жеткен.
“Бизге келип түшкөндөр кусуп, ичи ооруп келишти. Биз аларга тез жардам көрсөттүк. Ал эми абалы начарлап кайрылган жарандарга тамак-аштан ууланышкан деген диагноз коюлду. Азыркы учурда абалы оорлору да бар. Бирок көзөмөлдө турат",- деп билдирди Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын дарыгери Мубарак Мамаюнусова.
Өзүнүн, апасынын жана эки уулунун абалы начарлап ооруканага келип түшкөндөрдү катарында Жазгүлда бар. Анын айтымында, балдарынын башы ысып, ичи ооруп, алсырап баштаган. Мындан улам айылдык эмканага кайрылышкан. Бирок балдарынын абалында жылыш болбогондуктан, райондук ооруканага келишкен.
“Мен тойдогу салат-аштан болду деп ойлобойм, анткени үйдө сакталып калган тамак-аш менен сүмөлөк да жеген болчубуз. Ошондон болду деп ойлоп жатам. Анан айылдагы эмканадагы врач сүмөлөктөн болду деди”,- дейт Правда айылынын тургуну Жазгүл.

Дагы бир Могол айыл аймагынын тургуну Батама Базарбаева да неберсинин ичи ооруп, башы ысып, абалы начарлаганын сезип, 17 –апрель күнү райондук ооруканга алып келген. Дарыгерлер Батамынын небересинин ууланганын айтып, дароо тийиштүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Батма Базарбаева да башкалар сыяктуу 15-апрель күнү тойдо болгон. 

“Мен тойдо үч күн жүрдүм, тойдо бир нерсе жеп ууланды дегенге ишенбеймин. Мен эч нерсе болгон жокмунго. Дарыгерлер салаттан деп жатат. Бирок, менин неберем салат жебегинин айтты. Мен салат жегем, бирок азыр абалым жакшы эле жүрөм”,-деди Могол айыл аймагынын туругуну Батма Базарбаева.
Дарыгерлердин айтымында, ууланып кайрылган жарандарды териштиргенде бардыгы 15-апрелде бир жерде тойдо чогуу болгону маалым болгон.
“Кайрылган бейтаптардын барды бир жерде, бир тойдо болушкан. Алар тойго барганда эки түрлүү салат коюлган экен. Менимче, салаттар бир күн мурун жасалып, туура эмес дымдалып калган. Ошону жегенден кийин 1 суткандан соң башталып жатат”,- деди Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын дарыгери Мубарак Мамаюнусова.
Окуянын чоо жайын тагыраак билип көрөлү деп той ээсине кайрылдык. Той ээси “Мен атайлабадым, бул кокустук болду. Эң башкысы кудай сактады”,-деген пикирин айтты.

Азыркы учурда райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 27 бейтап дыргерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын сегизи жаш өспүрүмдөр. Ал эми дарыгерлер тобу Правда айылына чыгып кеткени маалым болду. Эгерде дагы күмөндүү делгендер байкалса ооруканага жиберилет.