Жаңылыктар
Ош шаар тургундары үчүн жазында таза суу көйгөй жаратат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаар тургундары үчүн жазында таза суу көйгөй жаратат

Нөшөрлөгөн жаандан кийин, Ош шаарынын тургундары 12 саатка чейин ичүүчү суусуз калды. Буга, Оштун элинин ачык асман алдындагы суу сактагычтан суу ичиши негиз болгон. Жамгыр токтоп, дарыядагы суу тунгандан кийин, шаарга таза суу кайрадан бериле баштады. Шаар тургундарынын суу сактагычка болгон көз карандысыздыгын жоюуга мүмкүнбү?

Ош шаарында кечээ кечинде таза суу токтоду. Мунун себебин шаардын Суу чарба башкармалыгы нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу Ак-Буура суусунун ылайланып кетиши менен түшүндүрдү.
Ылайланган сууну өз учурунда тазалоодо - Озгур суу тазалоочу станциясы алсыздык кылат. Ош шаарынын калкынын 80 пайызын ичүүчү таза суу менен камсыз кылган бул станция, шаарга күнүнө - 130 миң куб метрге чейин суу берет. Станциядагы суунун тазаланышына лаборатория адистери көз салып турат. Мында, атайын текшерүүчү жабдыктын жардамы менен, суунун ичүүгө жарайт, жарабашы аныкталат.
Ош шаарынын тургуну Нина Умурзакова аба-ырайынын «кабагы» бүркөлө баштаганда эле, болгон бош идиштерине таза суу толтура баштайт. Карыя муну көнүмүш адатка айланткан. Анткени, ыраактан суу ташып ичүү 80 жаштагы Нина апа үчүн оордук кылат.
Ош шаарынын тургундарына ачык асман алдында курулган суу сактагычтан ичүүчү таза суу берилет. Мындан улам, жаан-чачын башталган жаз айынын келиши менен, шаардыктарда таза суу көйгөйү баш ооруга айланат. Соңку үч аптанын ичинде эле, үч ирет таза суу токтотулду. Ал эми, калаа бийлиги өткөн жылы бул жазда ичүүчү таза суу боюнча көйгөй болбойт деп айткан жайы бар.

Калаа тургундарынын суу сактагычка болгон көз карандысыздыгын жоюу аракети 2010-жылы эле башталган. Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 2014-жылы Ак-Буура дарыясынына катарлаш инфильтрациялоо галереясы курула баштаган. 2016-жылдын октябрь айына жыйынтыктала турган иш-план кандайдыр бир себептер менен азыркыга чейин бүтпөй келет. Шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу багытындагы ири долбоордун жалпы сметалык баасы -11 млн. 800 миң америка долларын түзгөн.
Синоптиктердин маалыматында, 19 - 21-апрелге чейин жаан-чачындын болушу күтүлүүдө. Ошондон улам, Ош шаарынын тургундарына ичүүчү таза суунун корун топтоп алууга туура келет. Мындан сырткары, " Ош шаар суу канал " ишканасынын атайын пландуу тазалоо иштерине байланыштуу, жаз жана күз айларында да эки ирет шаарга таза суу берүү токтотулат. Жаздагы профилактикалык тазалоо: ушул айдын 25 -27-апрелине чейинки күндөргө туш келет.