Жаңылыктар
Орусия-Түркия согушса НАТО аралашпайт
Дүйнө
Орусия-Түркия согушса НАТО аралашпайт

Орусия  менен  Түркия  мамлекетинин  ортосунда  согуш  чыгып  кетүү  коркунучу   тууралуу  маселе  дүйнөлүк  коомчулукта кызуу  талкууга  алынууда.   Эки  чоң  өлкө  ортосундагы  мындай  кооптонуу  тууралуу  өткөн  аптанын  аягында   Франциянын президенти  Франсуа  Олланд  билдирген.   Анын  пикиринде  Түркиянын  сирия  жаңжалына  катышып  жатышы  Орусия   менен  согуш    отунун  тутануусуна  алып  келиши  ыктымал. Олланддын   мындай    пикирине  Орусия  Президентинин маалымат  катчысы  Дмитрий  Песков  дароо  жооп  кайтарып,    мындай  билдирүүнү  “орунсуз”   деп  атады.

Сириядагы  согуш   2011-жыдын  март  айынан  бери  уланып  келе  жатат.  Андан  бери  согуштун  курмандыктарынын   саны 4 миллион  адамга  жетти.     Өткөн  аптада   Орусия   Түркияны       Сирияга  сокку  уруп,    ал  өлкөнүн   чек  арасында мыйзамсыз  аскердик   чабуул  жасап  жаткандыгын  жашырууда  деп   сынга  алган. Бул  тууралуу     РФ    коргоо министринин  расмий өкүлү Игорь Конашенков   журналистерге билдиргени  бар.

Ал  арада  Сирия президенти   Башар  Асад   Түркия же Сауд Аравиясына   эгерде   алар аскерлерин Сирияга жиберсе, тиешелүү жооп аларын жана бул эл аралык эрежелерди бузгандык катары саналарын эскертти. Ошондой  эле  Асад чет элдиктер эгерде туткунга түшүп калса, экстрадициялоо боюнча сүйлөшүү алардын мекени болгон өлкөлөр менен гана жүргүзүлөрүн айтты.

Эгерде алар келе турган болсо, террорчуларга  жасалгандай мамилеге туш болот. Биз өз өлкөбүздү коргоп  жатабыз. Саясий же аскердик көз караш  менен Сирияга кирип келүүгө эч кимдин акысы жок. Бул эл аралык  эрежелерди бузуу катары кабыл алынып, бизде да, Сирия элинде да бир эле –  мекенди чоочундардан коргоо аргасы калат .    

Белгилүү  болгондой,   Түркия   НАТОнун  мүчөсү .  Бирок,    unian.net, маалымат  сайты  жазгандай,   эгер  Түркия  Орусияга  согуш  коркунучун  жаратса,  анда   уюм  Түркияга   колдоо  көрсөтүүдөн   баш  тартат.    Бул  тууралуу  Люксембургдун   тышкы  иштер  министри        Жан Ассельборн     Der Spiegel  немец  басылмасына берген  маегинде  билдирген.

НАТО   Орусия  менен   Түркиянын  ортосундагы  чыңалуудан  улам,  Орусияга  куралдуу  эскалацияга  барбайт  дейт Ассельборн   НАТОнун  бардык   тарапташтарынын  атынан  билдирүү  жасаган .  

Өлкөнүн  мурунку  тышкы  иштер  министри  Аликбек  Жекшенкуловдун  пикиринде   Түркия   Орусия  менен  согушууга  барбайт,  ага  аскердик  мүмкүнчүлүгү  да  жетпейт. Анын  үстүнө  эки  өлкө  лиделери  үчүн  тең  мамлектинин  бүтүндүгү  мааниге   ээ     деген  ойдо.

  Ал арада   жакынкы  убакта    Обама  менен   Путин    Сириядагы  согуш отун   токтотуу   боюнча     маселени   талкуулайт.   Ал  эми  буга  чейин      Джон Керри    Орусиянын  тышкы  иштер  министри   Сергей   Лавров  менен   телефон  аркылуу  сүйлөшүүдө Сириядагы  согушту   толук  токтотууга  жакын  арада  жетишилээрине   ишеним  чоң  экенин  белгилеген.    Ошондой  эле      Лавров   Сириядагы  жаңжал  токтогон  менен   террористерге  карай   аскердик  операция  улана  берээрин  жашырганы жок.    

Эске  салсак,   Сириядагы  согуш      2011-жылдан  бери  уланууда.     Расмий  Москва  Дамаска    террордук  топ  менен  күрөшүүгө жардам  берип  келсе,    Түркия   Орусияны   Сириядагы  бейкүнөө калкты  аткылоодо деп  күнөөлөп  келет.   

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"