Жаңылыктар
Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү киреше булактарын ачыкташы керек
Саясат
Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү киреше булактарын ачыкташы керек

Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү Алмазбек Атамбаевдин жасаган иш аракетинен үлгү алып, өздөрүнүн киреше булактарын ачыкташы керек. Ар бир топтолгон байлыкка жооп берүүсү зарыл. Мындай талаптар бир гана парламентте эмес, коомчулук тарабынан да коюлууда. Ал арада 2010-жылдагы апрель окуяларына чейин көп сандаган мал-мүлккө ээ болбогон адамдар, бийлик алмашкандан кийин ири байлыктын ээлери болуп чыга келишкени боюнча маалыматтар пайда болууда.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн кимиси 2010-жылга чейин кандай мүлктөргө ээ болгон жана азыр канча көлөмдөгү байлыктын ээси? Бул суроону биринчилерден болуп парламенттин жыйынында депутат, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Элвира Сурабалдиева берди.
Бул билдирүү жөн жерден жасалган жок. Өлкөнүн маалымат мейкиндигинде айрым саясатчылардын апрель ыңкылабына чейин көзгө басар бир мүлкү жок болуп туруп, Бакиев бийлиги качкандан кийин ири көлөмдөгү байлыктын ээлери болуп чыга келгендиги тууралуу маалыматтар күндөн күнгө көбөйүүдө.
Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров жакында эле бир китеп жазып, өзүнүн башынан өткөргөндөрү менен бөлүшкөн. “Мен кыргызмын” деп аталган үч томдукта ал оппозициянын 7-апрелге чейинки ишмердиги тууралуу баяндайт. Анда Бакиевге каршы тургандардын каржылык абалы өтө оор болгону, айрым учурда күйүүчү майга да акчалары жок болгону айтылат.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да оппозициянын ал кездеги оор каржылык абалына күбө болгондордун бири. Бир катар белгилүү саясатчылар андан карызга акча алып, бирок ошол бойдон кайтарып бербегендерин айтат.
Бекназаров болсо өзүнүн китебинде оппозиция 2009-2010-жылдары Бакиев бийлиги камакка алган жактоочуларын коргоого кантип аракет кылгандары тууралуу жазган. Жана анда каражаттан ким жардам бергени да жазылган..
Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү президентке карата сын айтып жатканы менен, апрель ыңкылабына чейин бир гана Атамбаевде акча болгонун жокко чыгарышпайт. Бул чындыкты анын ошол кездеги, учурдагы да тарапташтары танбайт.
Ал ортодо "Вечерний Бишкек" басылмасында Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсүнүн апрель ыңкылабынан кийин кантип байыганы тууралуу маалыматтар жарык көрдү. Басылма анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин 7-апрель окуяларынан кийин пайда болгон мүлктөрүнүн тизмесин жарыялаган.

Кеңешбек Дүйшөбаевдин мүлктөрү:
8-кичи районундагы жашоого ылайыкталбаган бир имарат. Кеңешбек Дүйшөбаевге катталган.
Табалдиев көчөсү 66 дарегинде катталган турак-үй.
Бишкек шаарынын Кудайбергенов 51 көчөсүндө жайгашкан турак-үй, ал Дүйшөбаевдин уулуна катталган.
Жашоого ылайыкталбаган дагы эки имарат, Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жайгашкан. Алар дагы уулунун атына катталган.
Эки жер тилкеси, жайгашкан дареги: Аламүдүн району, Байтик айылы, Давос дипломатиялык шаарчасы. Ээси саясатчынын уулу.
Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында Дүйшөбаевге участок катталган, ал эми дагы Чолпон-Атада дагы бир жер тилкеси анын уулунун атында.
Дүйшөбаевдин атына 2012-жылы чыккан «Тойота Лэндкрузер» жана 2015-жылкы «Тойота Хайландер» автоунаалары жазылган.
"Лексус GX 470" унаасы Дүйшөбаевдин жубайына катталган. Чыгарлаган жылы 2006.  

Бирок, байыгандардын катарында бир гана Дүйшөбаев эмес. Башка дагы көптөгөн саясатчылар бар. Бир убактарда күйүүчү майга акча таппай жүргөндөр азыр миңдеген долларларды чапчыган жолтандабастарды минип жүрүшөт. Ага каражат кайдан алынды деген суроо туулат.

Мындай суроолорго жооп берүү экс-башкы прокурор Аида Саляновага да оор болот. Анын күйөөсү- жөнөкөй гана ишкер кантип чоң бизнесменге айланып, кантип кымбат баалуу унааларга, унаа салондоруна, Бишкек шаарынан бир нече жер тилкелерине ээ болуп калды? Мындай суроолор эми Алмамбет Шыкмаматовду да бурчка такайт. Мына ушул эле суроону Эмилбек Каптагаевге, Кеңешбек Дүйшөбаевге жана азыр өздөрүн оппозиция деп атап жүргөндөргө да берсе болот. Белгилей кетүүчү жагдай, бул адамдардын бардыгы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеп турушкан.
Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кантип байыса болот деген суроону Равшан Жээнбековго да берип көрсө болот. Ал 2002-2003-жылдары Мамлекеттик мүлк министрлигинин төрагасы болуп турганда мамлекеттин мүлкүн менчиктештирүү боюнча эң эле уятсыз иш аракеттер жүрүп, андан Акаев жана анын жакындары болуп көрбөгөндөй байышкан. Мындай менчиктештирүүдөн Р. Жээнбеков дагы жакшы пайда таап, бир нече пансионаттарга жана мекемелерге ээ болгон. Мыйзамсыз баюу беренеси Каныбек Иманалиевге коркунуч туудурушу мүмкүн. Ал Акаевдин жеке басма-сөз катчысы болуп, кийин эки стратегиялык басмаканаларда жетекчилик кызматты аркалаган. Анын бири “Эркин-Тоону” ийгиликтүү менчиктештирген. Бул боюнча аукцион өткөрүүдө алдамчылык ыкмалар колдонулган деген жүйөлөргө олуттуу негиздер бар.
Саясатчылар Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү жана апрель ыңкылабы менен байланышы барлардын бардыгы өздөрүнүн мүлктөрүнүн көлөмүн ачык көрсөтүшү керек деп эсептешет. 2010-жылга чейин жана андан кийин алар кандай байлыкка ээ болгону дагы коомчулукка кызык болуп турат.