Жаңылыктар
Аброр Азимов 3-июнга чейин камакка алынды
Дүйнө
 Аброр Азимов 3-июнга чейин камакка алынды

Москванын Басман райондук соту Санкт-Петербургда теракт уюштурду деп шектелген Аброр Азимовду 3-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ага теракт уюштурган жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөн деген айып менен кылмыш иши козголду. 

Азимов өз күнөөсүн мойнуна албай, ал белгисиз адамдан буйрук алганын, жана теракт уюштурууга катышып жатканын билбегендигин айткан. Ал эми тергөөчү менен Азимовдун адвокаты мурдараак ал күнөөнү мойнуна алганын билдиришкен. 

Эскерте кетсек, Аброр Азимов 17-апрелде Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан Москва облусунун Одинцов районунда кармалган. Анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тергөөнүн алдын-ала божомолу боюнча Азимов терактты ишке ашырган жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдоого катышкан. Маалымат каражаттары жазышкандай, Жалилов теракт алдында Азимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Азимов 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алган.