Жаңылыктар
“Китеп кербени” сапарга чыкты
Билим
“Китеп кербени” сапарга чыкты

Кыргызстанда “Окурман бала-гүлдөгөн Кыргызстан” – он күндүгү башталды. Анын алкагында 17-апрелде “Китеп кербени” сапарга чыкты, 21-апрелде Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин алдында китеп көргөзмөсү, 22-апрелде “Таш-Рабат” соода комплексинде  “Китеп дүйнөсүнө саякат” болот. Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм жана Билим берүү жана илим министрлиги, өнөктөшү ЮСАИД эл аралык уюму. 

23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө  карата, “Окурман бала-гүлдөгөн Кыргызстан” –деген аталышта китеп дүйнөсүнө үндөгөн  он күндүк  алкагында: “Китеп кербени”, “Китеп дүйнөсүнө саякат”   балдар бакчадагы бөбөктөр, мектеп окуучуларын, жалпы эле окурман журтту өзүнө тарткан китеп майрамын маданият, билим берүү жана  эл аралык уюмдар биргелешип өткөрүүдө.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”