Жаңылыктар
ЖК: премьер-министрдин отчету колдоого тапты
Экономика
ЖК: премьер-министрдин отчету колдоого тапты

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча премьер-министрдин отчетун колдоого алды.

Өкмөттүн өткөн жыл ичинде аткарган иштери боюнча премьер-министрдин отчетун аталган комитет бүгүн кезектеги жыйынында карады. Отчетту вице-премьер-министр Олег Панкратов сунуш кылды.

Бир катар сунуштар, талкуулардан соң комитеттин депутаттары Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча премьер-министрдин отчетуна канааттандырарлык деп баа беришти.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"