Жаңылыктар
Тойчубек Касымовго байланышкан кылмыш материалы жоголду
Кыргызстан жаңылыктары
Тойчубек Касымовго байланышкан кылмыш материалы жоголду

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, мурунку президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымовго карата козголгон кылмыш иши боюнча материалды жоготуп жибергенин Башкы прокуратура билдирди.

Эскерте кетсек, Касымовго карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 2004-жылы Касымов президенттик администрация жетекчиси болуп иштеп турган учурда Бишкек шаарындагы Токтогул-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 6 соттых коомдук колдонуудагы жерди өзүнүн тууганына берүү тууралуу буйрук берген. 

Кийинчерээк бул жер аянтына 6 кабат имарат курулган. Бул иш боюнча 2007-жылдын 15-мартында Касымовго сырттан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Кылмышка шектүүнүн кайда экендиги белгисиз болгондуктан иш токтотулган. 2017-жылы Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан бул иш тууралуу маалымат суралган. Бирок материал архивден табылган эмес. Буга байланыштуу Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына тапшырылган. Учурда бул иш боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат, деп билдирет Башкы прокуратура.