Жаңылыктар
Кыргызстан: тышкы карыздын көлөмүндө дефолт кооптуулугу жок
Экономика
Кыргызстан: тышкы карыздын көлөмүндө дефолт кооптуулугу жок

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмүн алып караганда дефолт кооптуулугу жок. Мындай пикирин Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук билдирүүдө. Ал, Кыргызстан - Дүйнөлүк банк жана башка өнөктөштөрүнөн алган карыздарын жеңилдетилген тартип менен алганын, ошондуктан карызды төлөө бүгүнкү күндө кыйынчылык жаратпай турганын баса белгилеген. 

Ал арада Каржы министрлиги өлкө тышкы карыздарын өз убагында кечиктирбей төлөп жаткандыктан тынчсызданууга негиз жок экенин билдирүүдө. Маселен коңшу Казакстандын мамлекеттик тышкы карызы 30 млрд  доллардан ашса, Россияныкы 55 млрд долларга чукулдаган. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"