Жаңылыктар
Көк-Арт дарыясы нугунан чыкты
Өзгөчө кырдаал
Көк-Арт дарыясы нугунан чыкты

Тынбай жааган жамгырдын кесепетинен өлкө аймагындагы дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал жаралууда. Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт дарыясынын суусу нормадан ашып, дарыя жээгин бузуп, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарын сел каптоо коркунучу жаралды.Түзүлгөн өзгөчө кырдаалды жоюуу үчүн тийиштүү кызматтар жана жергиликтүү бийлик тынымсыз иш алып барууда. 19-апрелге караган түнү ӨКМдин 100 куткаруучусу нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан түнү менен Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдешти.


“Көк-Арт дарыясынын 2 жеринде өтө кооптуу абал жаралды. Биз азыр биринде иш алып барып жатабыз. Мына минтип, түндөп иш алып барбасак турак үйлөрдү каптап кетиши мүмкүн. Ошондуктан, түндө да иштөөгө туура келип жатат”,- деди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаева.