Жаңылыктар
Сариев: элдин ишеними жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишине көз каранды
Саясат
Сариев: элдин ишеними жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишине көз каранды

Быйыл өлкөдө эт жана сүт багытында асыл тукум малды көбөйтүүгө басым жасалат. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Ысык-Көл облусунда  малчылар менен болгон жолугушууда  билдирди. Эске салсак, жакында малды идентификациялоо боюнча иштер башталып,  анын алкагында ар кыл ылаңдарды алдын-алуу боюнча иштер күчөтүлмөкчү.

Ысык-Көл облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында алгач өкмөт башчы Темир Сариев Тоң районундагы Кара-Саз кыштоосунда болуп, малчылардын жашоосунан  жеринде  кабар алды. Ал жерден Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры жана Кыргыз Эл Баатыры Таштанбек Акматов менен жолугушту. Таштанбек Акматов убагында Кыргызстанда эле эмес бүтүндөй  СССРге мал чарбачылыгы боюнча үлгү болуп, өмүр бою асыл тукум мал кармап келген. Эл Баатырынын пикиринде жерлер дыйкан чарбаларга бир-эки гектардан бөлүнүп  кеткендиктен өндүрүмсүз болуп,үзүрү байкалбай жатат.

Күндүн экинчи жарымында премьер-министр Тоң районунун активи менен жолугушуп, элдин бийликке болгон ишеними дал ушул жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишине көз каранды экенин баса белгиледи. Андыктан, жергиликтүү бийлик органдары эл менен тыгыз иштеп, пайда болгон маселелерди  жеринде дароо чечүүгө, көңүл бурушу керек, – деди Темир Сариев.

Белгилей кетсек, жакында эле өкмөттүн атайын чечиминин негизинде өлкөдө малды идентификациялоо иши Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик инспекцияга өткөрүлүп берилди. Мекеме адистери малды идентификациялоону август айына чейин аяктоону пландоодо. Ал аркылуу ар бир малдын өзүнчө таржымалы пайда болот.