Жаңылыктар
Утуш оюндарын жеке менчик колдон мамлекетке өткөрүү маселеси каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Утуш оюндарын жеке менчик колдон мамлекетке өткөрүү маселеси каралууда

Кыргызстанда утуш оюн тармагын жеке менчик колдон мамлекетке өткөрүп, олуттуу реформаларды жүргүзүү аракети жасалууда. Депутаттар менен өкмөт тарабынан демилгеленген "Лотереялар жөнүндөгү" биргелешкен мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда кабыл алынды.

2012-жылы кумарканалар жабылса, 2015-жылы тотализаторлор жана букмекердик контораларга тыюу салынган. Эми, кезек лотереялардын ишин токтотууга келди. Бирок бул бизнести депутаттар толугу менен жок кылбай, “Мамлекеттик лотереяны” түзүүнү көздөп жатышат. Аталган мыйзам долбооруна каршы чыккан Экмат Байбакпаевдин айтымында, бул кадам маселени чечпейт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, кумарга азгырган лотереялардын баары жабылса, жакшы болмок. Мыйзамдын түпкү маңызы да ушундай болчу. Бирок кийин өкмөт өзүнүн сунушун киргизип, утуш оюн тармагын толугу менен чектебестен, аны мамлекеттин көзөмөлүнө киргизүүнү айткан.

Мамлекеттик лотерея тармагын калыптандыруу үчүн алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сом зарыл. Бирок мындай ири каражат мамлекеттик бюджетте карала элек. Бир катар депутаттар бул мыйзам долбоору белгилүү бир компания үчүн атайын даярдалып жатат деп шек саноодо. Бийликтегилер мындай билдирүүнү дароо четке кагышат.  Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты. Эми документ президентке жиберилди.