Жаңылыктар
Гумандуулукка негизделген кодекс
Кыргызстан жаңылыктары
Гумандуулукка негизделген кодекс

2019-жылдын 1-январынан тартып Бузуулар жөнүндө кодекс иштей баштайт. Мыйзамдын максаты укук тартибин коргоо, социалдык акыйкаттыкты калыбына келтирүү болуп саналат. Тартип бузган адамды жоопкерчиликке тартууда гумандуулуктун иштеши анын негизги өзгөчөлүгү. 

Бузуулар жөнүндө кодекс сот реформасынын алкагында иштелип чыккан. Жогорку Кеңеш аны 2-март күнү кабыл алса, өлкө башчысы тарабынан 17-апрелде кол коюлду. Аталган документти даярдоого тиешеси бар укук таануучулар сот жообуна тартууну, камакка алууну талап кылбаган майда мыйзам бузуулар чоң кылмыштардан так ажыратылаарын белгилешет.

Айып пул салууга негиз болгон тартип бузуулар гана эмес, кылмыш кылган адамды жазага тартуудагы гумандуулук да аталган кодекстин өзгөчөлүгү болуп саналат. Бул принцип келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша колдонулат. Ал социалдык акыйкаттыкты камсыз кылуу үчүн маанилүү.

Абакка камалган адам түрмөдө үлгүлүү жүрүм-турумду үйрөнүп чыкпайт. Болоор-болбос кылмышы үчүн жаранды андан да оор окуяларга даярдап коюу коркунучу бар. Соңку кабыл алынган кодекс мындай көрүнүштү ооздуктайт.
Жаңы кодекс 2019-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Ага ылайык административдик жоопкерчилик түшүнүгү толугу менен жоюлат.