Жаңылыктар
Аль-Жазира телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүлөрүн бир жума көрсөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Аль-Жазира телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүлөрүн бир жума көрсөтөт

Катардын Аль-Жазира телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүнү бир жума көрсөтөт. Көрсөтүү араб тилинде обого чыгат. Берүүнү телеканалдын редакциясы 2016-жылы күз айында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келгенде тартып кеткен.  

Ысык-Көл, чокусу көк тиреген кыргыз тоолору, элдин жашоосу, тарыхы жана маданияты “Аль-Жазира” телеканалынын көз карашы менен.


Кыргызстандын жаратылышы жана кыргыз элинин маданиятын чагылдырган дал ушул берүү 24-апрелден 30-апрелге чейин Аль-Жазира телеканалында көрсөтүлөт. Документалдык фильм Сирия, Ирак, Ливан, Сауд Аравиясы, Бахрейн, Алжир, Судан жана башка араб өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.

Көрсөтүүнү тарткан журналист Тарик Альсайед экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына орус тилин билгендиги үчүн жөнөтүлгөн.
Кыргызстанга келип, бейишке кирип кеткендей болдум дейт Тарик мырза. 2 эле репортаж тартканы келген журналист 16 репортаж жана 1 документалдык фильм тартып үлгүргөн.

Азиянын Швейцариясы аталган Кыргызстанга биротоло көчүп келгендер да аз эмес. Сириялык Абдулла Кирч 20 жылдан бери мында жашайт. Азыр араб тили мугалими болуп иштейт. Ал алгач келгенде космоско түшүп калгандай болгонун айтты..

“Аль-Жазиранын” журналисти Тарик көрсөтүү тартканы Кыргызстанга дагы келерин айтты. Бирок, бул жолу көпчүлүк болуп барабыз дейт. Анткени, репортажды көргөн араб журналисттери мындай кооздукту өз көзүбүз менен көрбөсөк болбойт деп Кыргызстанга сапар тартууга камданып жатышыптыр.