Жаңылыктар
"Политклиника" Акылбек Жапаров: "Журналисттер кирешесин ачыктасын"
Кыргызстан жаңылыктары
"Политклиника"   Акылбек Жапаров: "Журналисттер кирешесин ачыктасын"

Басма сөзгө баяндама

Оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкер чыгара алабы деп саясаттан тема коюп Политклиника жарык көрдү. Бул макала 17-апрелде Бишкекте өткөн “Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” аттуу тегерек столдо  алдыда боло турган президенттик шайлоону канткенде таза жана ачык өткөрүү маселеси талкууланган жыйындан жазылды. 

Анда өлкөнүн, элдин келечеги үчүн биригип, бирдиктүү талапкерди сунуштоо демилгеси да көтөрүлгөнүн, ага саясий партиялардын лидерлери, саясат таануучулар, коомдук ишмерлер,экс-премьер-министрлерден тартып экс-министр, экс губернаторлор, профессорлор, акын –жазуучулар катышканы алар жыйындын соңунда алдыда таза шайлоо өткөрүүнү, талапкерлер бири-бирин сыйлоо керектигин жана административдик ресурсту колдонбоо тууралуу билдирүү кабыл алышканы айтылат.

Ушул эле алгачкы беттен Акылбек Жапаров журналисттер кирешесин ачыктасын дейт дегенди, экс-президенттин администрация башчысынын кылмыш иши жоголду дегенди, парламент мародерчулук боюнча токтомго добуш берүүнү кийинкиге калтырганын, президенттик шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтү талаш жаратты деген жана Темир Сариев Таласта деген саясаттан майда кептерди окуй аласыз.

Ушул эле гезит Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендерди утуп алган кытайлардын компаниясынын жана жолго жумшала турган каражаттын айланасында күмөн туудурган жагдайлар арбын дегенди да жазды. 

Эми баяныбыз Азия Ньюс менен уланат.

Бүгүнкү сан “Саясатка сакалчандар деле аралашса болот деп гезиттин 12-бетинде маек курган Чубак ажы Жалиловдун сөзүн тема кылды. Саясаттан баштаган жаңы сандан Бабановго батпагандар Темикени сагалай башташтыбы дегенди, Эркин Мамбеталиевди күч органдары эмнеге текшерүүдө дегенди, эми Икрам Илмияновго журналисттер кызыкпай деле калабы дегенди, дагы далай ийгиликтердин ашуусу бар же Болот Сүйүнбаевди 47 жашы менен куттуктоосу, Жандооч кийик аттырат дечү эле же Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбековду легендарлуу Султан Ибраимовго салыштыруунун сыры неде деген саптарды окуй аласыз. 

Экс-президент Аскар Акаевдин жеке дарыгери: Кубанычбек Айдаралиевдин “Аскар Акаевичтен кийин Бакиевди дарылоодон баш тарттым" деген аталыштагы маеги орун алган. Маалымат үчүн белгилей кетели, жогорку категориядагы эмгек сиңирген дарыгер Кубанычбек Айдаралиев кезинде тунгуч президент Акаевдин 7 жыл бою саламаттыгын көзөмөлгө алган көздөй дарыгери болгон. Учурда Бишкек шаардык  кургак учукка каршы ооруканасында башкы дарыгер болуп эмгектенет. Кадимки экс- министр Искендер Айдаралиевдин бир тууган агасы. Гезит бул сапар тунгуч президенттин саламаттыгынын айланасында баарлашкан.

Таалайкүл Сыдыкбекова, Биринчи радио