Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү бекети ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Бекет 18-апрель күнү Кытай тараптын демилгеси менен жабылган. Мындай аракеттер жол тилкесин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экендиги маалымдаган. Кытай тарап өз аймагындагы жолду оңдоп бүтүп, кыргыз чек арачылары "Торугарт" көзөмөл бекети аркылуу унааларды өткөрө баштады.