Жаңылыктар
Авиа кырсыктан жабыркагандарга жакында жардам бөлүштүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Авиа кырсыктан жабыркагандарга жакында жардам бөлүштүрүлөт

Дача СУ айылындагы авиа кырсыктан каза болгон жана жабыркагандардын туугандары Түркиянын авиакомпаниясынан компенсация алуу үчүн документтерин чогултууда. Алар менен мамлекеттик нотариус иш алып барып, компенсациялардын деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Бул процедуранын алкагында компенсация боюнча тийиштүү бардык суроолор такталууда. Мындан сырткары, жакынкы аралыкта жабыр тарткандар үчүн жардам катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келген акча-каражаттары бөлүштүрүлөт. 

Атайын эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү процесси курман болгон жана жабыркаган жарандардын кээ бир туугандарынын ортосунда акча-каражатын бөлүштүрүү принцибинде түшүнбөстүктөр жаралган үчүн кечеңдеп жатат. Эскерте кетсек, эсепке 100 млн. 499 миң 300 сом түшкөн.