Жаңылыктар
Кытайга 5 айдан бери виза ала албай жүргөн айдоочулар ТИМге нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайга 5 айдан бери виза ала албай жүргөн айдоочулар ТИМге нааразы

Кыргызстандын Ош,  Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы айрым айдоочулар менен ишкерлер өлкөнүн Тышкы  иштер министрлигине нааразылык билдирип жатышат. Алар өткөн жылдын декабрь  айынын бери Кытайга кириш үчүн виза ала албай жүрүшөт. Уруксат кагазын берүүдө документтеринен  ката таап, убакытты созуп жатышат дешет алар. ТИМ болсо, жагдайга Кытайдын  мыйзамдарына кирген өзгөрүүлөр себеп экенин айтат. 

Нааразы болуп жаткандардын арасында соодагерлер менен жүк ташыган унаа айдоочулары бар. Алар акыркы беш айдан бери виза алууга керектүү документтер көбөйүп, Кытайга бара албай калганын айтып чыгышты. Виза алуу үчүн чыгым тартып, Бишкекке бир айда 2-3 ирет барып келишет.

Өлкөнүн түштүгүндө Кытай Эл республикасына миңге чукул айдоочу жүк ташып иштейт. Азыр алардын дээрлик басымдуу бөлүгү тиешелүү кагазды алалбай, жумушу жок калышкан. Визаны болсо айына болгону 10го жакын айдоочулар алышкан, бирок алар да жүктү тишелүу жерлерге жеткире албай убара тартып жатышат. 

Мындай көрүнүш соода-сатык менен алектенгендерге да көйгөй жараткан. Булар Кытайдын шаарларынан кийим-кече алып келишип, сатышчу. Виза алуу шарттары кыйындап кеткендиктен декабр айынан бери Кытайга киралбай жатышат. 

Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнөн, виза алуу түйшүгүн Кытай мамлекетинин мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр менен түшүндөрүшөт. Коңшу өлкө декабрь айында эл аралык келишимдерди өзгөрткөн. Анда кыргызстан жана коңшулаш Өзбекстан,Тажикстанга да виза берүүнү электрондук түрүнө өткөрүшкөн. Ошол эле учурда биздин өлкө да алардын ишкерлерине атайын кагазды берүүнү татаалдаштырышкан. 

Кытай консулдугу Ошто ачылганда виза берүү да ушул жерде болору айтылган эле. Бирок айрым себептер менен андай мүмкүнчүлүк тузүлбөй жатат. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, коңшу өлконүн тиешелүу кызматтары июль айында виза алуу маселесин талкуулашат. Анын алкагында көйгөйлөр чечилиши мүмкүн.

Асанбек Пазыл,  Биринчи радио