Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште Президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү талаш жаратты
Саясат
Жогорку Кеңеште Президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү талаш жаратты

Президенттик  шайлоону  өткөрүү   мөөнөтү  Парламентте  талаш-тартыш  жаратты.  Маселени   Палатанын  жалпы жыйынынын күн тартибине киргизип талкуулоону  атамекенчилер демилгелешкени менен ал   колдоо  тапкан  жок.  Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Ата Мекен" партиясынын президенттик шайлоону өткөрүү күнү тууралуу сунушу комитеттерге жөнөтүлгөнүн айтты.  Ал арада  боршайком, Президенттик шайлоо мыйзамда көрсөтулгөндөй  эле ноябрь   айынын  үчүнчү дем алышында өтөөрүн билдирүүдө. 

19-апрелдеги  Парламенттин жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясы президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселесин күн тартибине киргизүүнү сунуштады. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко , Президенттин   мөөнөтү 2017-жылдын 2- декабрында аяктайт.  Андан кийин кабыл алынган бардык чечимдер мыйзамсыз болуп калаарын айтты.  

«Ата Мекенчилер»  президенттик  шайлоону  2017-жылдын 27-августуна  белгилөөнү сунуштоодо.   Бирок,  мыйзамга ылайык президенттик шайлоо 2017-жылдын ноябрь айынын үчүнчү дем алышында өтүш керек дейт   Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев . 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Ата Мекен" партиясынын президенттик шайлоону өткөрүү күнү  тууралуу сунушу комитеттерге жөнөтүлгөнүн айтты.  Депутат  Торобай Зулпукаров  да  талапка ылайык,  кандай гана маселелер болбосун биринчи кезекте комитеттердин талкуусуна коюлат деген оюн  айтты.

Бул айтылгандарды   Борбордук шайлоо комиссиясы  да бекемдейт.   Боршайкомдун маалыматы боюнча , президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керек. 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылы 30-октябрда болуп өткөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык, 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоо  19-ноябрда өтөт  деп билдирет  БШК.                        

Г.Усенова, Биринчи радио