Жаңылыктар
Туруксуз аба ырайы 21-22-апрель күндөрү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Туруксуз аба ырайы 21-22-апрель күндөрү күтүлөт

21-22-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кардын түшүүсү, айрым жерлерде жаандын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.