Жаңылыктар
Нарында окуучулар арасында спартакиада башталды
Спорт
Нарында окуучулар арасында спартакиада башталды

Нарын облусундагы мектеп окуучуларынын арасындагы 12-спартакиада старт алды, анда спорттун 12 түрү боюнча беттеш өтөт. Алгачкылардан болуп өз күчтөрүн эркин күрөш чеберлери сынашып, спорттун бул түрүндө Нарын шаарынын балбандары артыкчылык көргөзүштү. 

Кезекте футбол, волейбол жана баскетбол оюндары боюнча беттештер бар. Спартакиаданын программасына улуттук оюндар боюнча да мелдештер кирген. Спорт адистеринин пикиринде бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусу күч алды.

"Спорттун улуттук түрлөрүнө жылдан жылга кызыгуулар чоң. Акыркы кездери спорт менен машыккандар да көбөйдү, ошого жараша ийгиликтер да бар. Мисалы, буга чейин ордо боюнча биринчиликти Нарын районунун оюнчулары эч кимге бербей келишсе, азыр Жумгал районунун ордочулары лидерлерден",- деди Нарын облустук балдар спорт мектебинин директору Уранбек Алиев.