Жаңылыктар
Бишкек -Кара-Балта жолу оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек -Кара-Балта жолу оңдолот

Жакында Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо жумуштары башталат. Учурда жолду сала турган кытай компаниясы жеринде жолду курууга зарыл болгон даярдыктарды көрүп жатат. 

Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов чуулгандуу долбоорго айланган жолду сала турган кытай компаниясы менен 70 миллион долларга келишим түзүлгөнүн жана алар узундугу 45 чакырымдык жолду сала турагын билдирди. 

Министрдин айтуусунда, адегенде 54 чакырымдык жолду салуу болжолдонгон, бирок каржылык маселелерге байланыштуу 9 чакырымдык жол долбоорго камтылбай калган. Бирок, калган 9 чакырымдык жолду долбоордон үнөмдөп, Бишкекке чейинки чакырым да реконструкция болот, - деди Калилов.