Жаңылыктар
Кыргызстанда катталган унааларды казак жарандарынын колдонуу тартиби
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда катталган унааларды казак жарандарынын колдонуу тартиби

Кыргызстанда катталган унааларды казак жарандары кандай тартипте колдоно алат. Бул тууралуу Алматынын Ички иштер департаменти айтып берди. 

Кыргызстанда катталып, Казакстанга 2014-жылдын 1-январына чейин киргизилген унаалар 4-экологиялык класска таандык болуп, анын блокко каршы системасы, коопсуздук жаздыгы, балдардын отургучун бекитүүчү шаймандары болсо гана Бажы союзунун товары катары эсептелип, катталууга мүмкүнчүлүк алат. 

Ошол эле убакта, Кыргызстан менен ЕАЭБдин аймагына тиешелүү бажы төлөмүн төлөгөн учурда Казакстанга 2014-жылдын 1-январынан кийин киргизилген унаалар ЕАЭБге таандык транспорт каражаты катары таанылат. 

Бажы төлөбөгөн унааларга Казакстандын аймагында убактылуу гана жүрүүгө уруксат берилет, мындай абалда аталган транспорттор Кыргызстанда каттоодо турушу талап. Эгер мындай унаалар узак мөөнөткө кала турган болсо, чет элдик унаа катары саналат.