Жаңылыктар
Автобустун жүргөн жерин аныктоочу мобилдик тиркемени жүктөп ал
Кыргызстан жаңылыктары
Автобустун жүргөн жерин аныктоочу мобилдик тиркемени жүктөп ал

Эми Бишкек шаарынын тургундары коомдук транспорттордун кыймылын мобилдик тиркеме аркылуу көрө алышат. Долбоорду жеке компания мэриянын колдоосу менен ишке ашырды. 255 автобус, троллейбустарга атайын жабдуулар орнотулду. Тиркеменин жардамы менен коомдук транспорттун кайсыл жерде келатканын билүүгө болот. Бул аялдамада унаа күтүп отургандын ордуна убакытты үнөмдөө үчүн маанилүү. Бүгүнкү күндө бул тиркемеге 8 миң киши катталды.

“Алгач пилоттук долбоор катары 20 автобуска орнотконбуз. Эми 255 коомдук транспорттор GPS жабдуулар менен жабдылды. Тиркеме аркылуу шаар тургундары өзү күтүп турган автобустун кайда келатканын билип, жолго чыгышат. Аялдамада күтүп отура бергенден көрө убакытты үнөмдөө үчүн киргизип жатабыз бул долбоорду”,- деди жеке компаниянын өкүлү Эрнис Асанов.