Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы “Дыйкан” базары жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы “Дыйкан” базары жабылат

Бишкек шаарындагы айыл-чарба азыктарын дүңүнөн сатуучу “Дыйкан” базары убактылуу жабылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда базарды жабууга бир нече себептер түрткү болгон. Биринчиден соода жайына барчу жалгыз жолду жээктеп унаалар токтотулгандыктан чоң тыгын жаралат. 

Мындан сырткары экологиялык техникалык инспекция тарабынан тогуз мыйзам бузуу аныкталган, анын негизгиси базарга жакын мунай базасы бар.

Эреже боюнча нефть базасы менен калктуу аймактын аралыгы 100 метрден кем болбошу керек, бул жерде болгоу 30 метр аралык сакталган. 

Ошондой эле бийлик өкүлдөрү соода жайдан шаардык казынага эч кандай каражат түшкөн эмес деп билдирди.