Жаңылыктар
Өзгөн: жаандан улам Жылалды-Сай суусу ташыды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөн: жаандан улам Жылалды-Сай суусу ташыды

Катуу жааган жаандан улам, Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагындагы Жылалды-Сай суусунун көлөмү үч эсеге көбөйгөн. Мал жандыктардан бери агызып кеткен суу- үйлөрдүн жер төлөлөрүн каптап, андагы буюм-тайымдарды керектен чыгарган. 

Жылалды-Сай каналынан ашкан суу аймактагы 48 турак-үйдүн короосун каптаган. Башкысы адам өмүрүнө зыян келген жок. Кырсыктын кесепеттерин жоюга кубаттуу техникалар тартылып, тазалоо иштерин жүргүздү.

Аталган аймакта 11 миңге чукул калк жашайт. Мунун ичинен 16 адам гана турак-жайын камсыздандырган. Ал эми, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына караганда, жалпы Ош облусунун аймагында сел, суу ташкындары коркунучунда турган 593 кооптуу аймак бар. Анын жүз ону Өзгөн районуна таандык.