Жаңылыктар
Жаш ишкерлердин сунушу
Экономика
Жаш ишкерлердин сунушу

Жаш ишкерлер ассоциациясы Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрүп кете турган комплекстүү 5 багытты өкмөткө сунуштап чыкты. Демилгечилер ырастагандай, сунуш эмитен иштеп баштаса, 2-3 жылдын ичинде анын үзүрүн көрүүгө болот.

Кыргызстандын экономикасынын негизги көйгөйлөрүнүн бири - соода балансындагы дефицит. 2000-жылдары бюджеттин тартыштыгы мигранттардын которгон акчаларынан жана Түркия менен Кытайдан келген товарлардын эсебинен толукталып турган. Адистер белгилегендей, 2014-жылы Орусияда башталган каатчылык дагы мигранттардан келген акчанын көлөмүн азайтты. Бул сыяктуу көрүнүштөр кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө көлөкө түшүрдү. Кырдаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу катары - экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү болушунча күчөтуү менен чет элдик инвесторлорду түз тартуу зарылдыгы айтылууда.
 
Ал үчүн ЖИА бизнес ассоциациясы атайын 5 багытты иштеп чыккан. Ага ылайык:
1) Органикалык таза продукцияларды өндүрүү. Тагыраагы айыл-чарба өндүрүмдөрүн химилык каражаттарды колдонбой өстүрүү.

2) Экспортту илгерилетүү агенттигин түзүү. Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосунда товарды таанытууга жана жеткирүүгө көпүрө болгон мекемени ачуу.

3) Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү институтун түптөө. Ага узак мөөнөттөгү каражат берүү жагын жүктөө.

4) Өндүрүштүк аймактарды куруу. Башкача айтканда, экспортко багытталган компанияларды бир жерге топтоо.

5) Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча инфраструктуралык долбоорлорду жаңылоо - милдети турат.
 
Талдоочулар ырастагандай, Кумтөрдү кошпогондо Кыргызстандагы ички дүң продукциянын 70 пайызга жакынын орто жана чакан ишканалар түзөт. Бирок, тармакка анчейин жеткиликтүү көңүл бурулбай келет.
 
“Баары эле чоң ишканалар менен иштегиси келет. Каражат насыя катары эмес, капиталга инвестиция катары берилиши кажет”, - дейт ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Умбриэль Темиралиев. 
 
Экономика министрлиги демилге менен алдын ала таанышкан. Бул өз кезегинде өкмөт тараптан да кандайдыр бир колдоо болуп жаткандыгынан кабар берет.
 
“ЖИАнын берген сунуштамалары менен экономика министрлиги тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Бул боюнча экономика министрлигинде атайын жумушчу топ түзүлдү”,- деп Экономика министрлигинин алдындагы ишкерликти жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Айнура Усенбекова билдирди.