Жаңылыктар
Өндүрүлгөн продукциянын сапатына көңүл бурулат
Айыл чарба
Өндүрүлгөн продукциянын сапатына көңүл бурулат

Фермерлер өндүргөн продукциялардын сапатына, тазалыгына жана товардык көрүнүшүнө маани берүү зарыл. Экспорттолгон продукциянын арасынан ар кандай зыянкечтер чыгып калбашы үчүн аракеттер көрүлүшү керек. Мындай пикирин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аймактардагы өкүлдөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине каршы күрөшө турган техникаларды тапшыруу аземинде билдирди. 

Өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо айыл чарба тармагынын негизги багыттарынын бири. Курт-кумурсканын айынан көптөгөн дыйкандар чыгым тартып келет. Дарылачу техникалар эскилиги жеткен же болбосо такыр жок. Ошондуктан түшүмдөр көбүнесе дарыланбай калат. Атайын техникаларды Япониянын өкмөтү менен БУУнун азык түлүк жана айыл чарба уюму колдоо иретинде тапшырды. Иш-чарада Сооронбай Жээнбеков өкмөт айыл чарба тармагы боюнча бир нече ири долбоорлорду ишке ашырганын , алар жакшы жыйынтыктарды берип жатканын айтты.

Зыянкеч чегирткелер 2008-жылы 157 миң гектар жердин өсүмдүктөрүнө зыян келтирсе, 2016-жылы 60 миң гектарга жакын жерди каптап, дыйкандарга миллиондогон чыгымдарды алып келген. Андыктан эл аралык донорлордун бул тармактагы жардамы айыл чарбасына чоң пайда келтирип жатат.