Жаңылыктар
Баш калаада тигилген жоогазындар гүлүн ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Баш калаада тигилген жоогазындар гүлүн ачты

Ушул эле баш калаабызда былтыр ноябрь айында тигилген жоогазындар гүлүн ачты. Борбор калааны көрккө бөлөгөн гүлдөр дагы 2 аптага чейин гүлдөп турат. Бишкек шаардык мэриясынын "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын адистери билдиргендей, былтыр 120 миң түп жоогазын тигилген. Борбор калаанын сулуулугу мына ушул күнөсканадан башталат. Гүлчүлөр 35 градус ысыкта кабагым-кашым дебей эртеден-кечке иштешет. Аларга шаарды көрккө бөлөө тапшырмасы тагылган.

Бишкек мэриясынын “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын адистери гүлдөргө аяр мамиле кылууну шаардыктардан өтүнөт. Аз гана убакытка созулган сулуулукка - тепселебей, адеп жана маданияттуулук менен мамиле жасайлы.