Жаңылыктар
Өлкөдө жол куруу иштери башталды
Экономика
Өлкөдө жол куруу иштери башталды

Стратегиялык долбоор демекчи, жакында стратегиялык мааниге ээ болгон негизги жолдорду салуу жумуштары башталат. Быйыл Ош-Баткен-Исфана, Тараз-Талас-Суусамыр, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Бишкек-Кара-Балта сыяктуу чоң жолдор реаблитация болот. Унаа жана жолдор министрлиги бул ирет салынып жаткан жолдордун сапатына көз салат. Себеби буга чейин салынган жолдордун кээ бир тилкелери мөөнөтүнө жетпей талкаланып калган.

Жумушун токтотпой ылдамыраак бүтүрө турган жолдун бири Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолу. Былтыр бир жарым миллиард сомдук жумуштар бүткөрүлгөн. Азыр бул тилкени реконструкциялоо боюнча эки жыл мурда түзүлгө келишим эл аралык талаптарга ылайык иретке келтирилди. Анын үстүнө туристтик маалга чейин эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү керек. Ошондо Тамчы аэропортунан баштап андан ары карай кеткен тилкеси салынат.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун талкаланган айрым тилкелери да жолду салып жаткан компания тарабынан кайрадан калыбына келтирилет. Быйыл курулушу улана турган дагы бир ири долбоор Түндүк-Түштүктү байланыштырган альтернативдик жол. Жер кыртышына, аба ырайына байланыштуу былтыр тоннелди салуу бир аз убактысынан кечеңдеген. Быйыл бул жумуштар ыкчам колго алынат.