Жаңылыктар
Кыргызстандын тарыхында алгач ирет уникалдуу операция жасалды
Ден соолук
Кыргызстандын тарыхында алгач ирет уникалдуу операция жасалды

Кыргызстандын кардиохирургия тарыхында алгач ирет уникалдуу операция жасалды. Бир эле маалда мээнин жана жүрөктүн кан тамырларын тазалоо жана алмаштыруу операциясын өлкөбүздүн жүрөк, кан-тамыр жана органдарды алмаштыруу институтунун дагыгерлери жасады.

Кызжибек Ажиеванын бир эле учурда башынын жана жүрөгүнүн кан тамырларына операция жасалды. Он күн мурда жасалган операция ийгиликтүү болуп, азыр өзүн жакшы сезип калганын айтты. Эки, үч күндө үйүнө чыгарылат. Он күн мурдагы абалын Кызжибек апа анда ордунан өз алдынча тура албай калган элем деп эскерет.
Бишкектеги кардиологиялык институтта жылына 500 операция жүрөккө жасалат. Дагы 100дөйү жеке клиникаларда жасалат. Мунун негизги себеби, бейтаптар убагында дарыгерге кайрылбай, оорууну алдын албай калгандан болот. Өз маалында оорунун белгилерин байкап, адистерге кайрылбоо инсульт жана инфаркт кооптуулугун жаратат дешет жүрөк кан тамыр дарыгерлери.