Жаңылыктар
Баткенде сугат суусу тартыш
Айыл чарба
Баткенде сугат суусу тартыш

Өзгөндө сел жүрүү коркунучу пайда болсо, Баткенде сугат суусу тартыш. Мындан улам, аймактагылар сууну үнөмдүү колдонууга өттү. Баткенде биринчилерден болуп Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Жаңы-Жер айыл аймагында сугат сууну үнөмдөө колго алынды. Жергиликтүү дыйкандар тамчылатып суугаруу ыкмасын күнөсканада эле эмес, мөмө берүүчү бак-дарактарга да пайдаланууда.

"Айка өрөөнүндөгү 1100 гектардан ашуун жерге сугат суу Тажикстандын Кайракум суу сактагычынан келет. Ал эми бул Кожобакырган каналы Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн менен Тажикстанга караштуу. Аймакта учурда дыйкандар арасында күзгү дан эгиндерин айдоо азаюуда. Себеби, каналдагы суу март, апрель айларында берилсе, сентябрда токтойт"
Аймактагы сугат суу көйгөйүн чечүү максатында жергиликтүү бийлик бейөкмөт уюмдар менен биргеликте дыйкандарга тамчылатып суугаруу ыкмасын жайылтууда.
Арка өрөөнүндө жалпы 1 100 гектардан ашуун айдоо жер бар. Жергиликтүү дыйкандар бул жерге көп жылдык бак дарактар, маш-буурчак жана жашылча жемиштерди айдашат.