Жаңылыктар
Чүй облусунда жер титирөө катталды
Кырсык
Чүй облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн, 21-апрелде эртең мененки саат 6:42 чамасында Чүй облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиргендей, зилзаланын очогу Чүй районунун Арпа-Тектир айылы болгон, ал жерде силкинүүнүн күчү 4-4,5 баллды түздү.

Ал эми Кеминде 3 балл, Ивановка, Кант жана Бишкек шаарында жер титирөөнүн күчү 2-3 баллга жетти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.