Жаңылыктар
Терминология көйгөйүн чечүүгө белсенген жаш адистертер бар
Билим
Терминология көйгөйүн чечүүгө белсенген жаш адистертер бар

Терминди терминком же тилчилер жасабайт, аны ар бир тармактын адистери жасайт, тилчилер илимий жактан иштеп чыгат. Эгерде ар бир тармактын жетекчилери өздөрүнө тиешелүү терминдерди топтоп, талкуулап, тилчилер менен китеп түзсө, аны чыгарууга каражат табылат. Бул тууралуу бүгүн Ишеналы Арбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте “Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференцияда айтылды. 

Терминология көйгөйүн чечүүгө мыктап киришкен жаш адистердин көзүнөн оту жанып, талаш туудурган терминдерин тизмектеп алып талкууга салган жигердүү кадамы улуу-кичүүнү кубандырды. Эки күндүк илимий талкуу өз ишин бүгүн улантат.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”