Жаңылыктар
«Манас таануу» телетаймашынын республикалык тандоо туру өтүүдө
Маданият
«Манас таануу» телетаймашынын республикалык тандоо туру өтүүдө

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын республикалык тандоо туру жүрүп жатат. Бул  таймашка  өлкөнүн баардык аймактарынан жалпы 30 тайпа ат салышууда. 

Белгилей кетсек, тайпалардын арасында орус жана өзбек тилдүү мектердин окуучулары дагы бар. Таймашта айрым окуучулар берилген суроолого жооп берүү менен бирге окуя китептин кайсы бетинде, канчанчы сабында турганынан бери айтып көрүүчүлөрдү таң калтырууда.


Жогорку упайга ээ болгон топтор 21-22-апрелде финалдык турда таймашат. Ал эми 23-апрелде эстрада ырчыларынын коштоосу менен таймаш жыйынтыкталып, баардык тайпадагы катышуучуларга кызыктуу белектер  берилет. 

«Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын башкы демөөрчүсү «Саякбай манасчы» эл аралык  фондунун президенти Самат Ибраев. Ал эми өнөктөшү Кыргыз Республикасына караштуу мамлектик тил  боюнча улуттук комиссиясы.