Жаңылыктар
БУУ менен болгон кызматташтык өнүгүүдө
Саясат
БУУ менен болгон кызматташтык өнүгүүдө

Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды. 

Тараптар өлкөдө парламентизмди бекемдөө, адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, ошондой эле ПРООНдун Кыргызстандагы кеӊсесинин жаӊы долбоорлорун ишке ашыруу жаатында биргелешип иш алпаруу боюнча талкууланды. 

Төрага БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен тыгыз кызматташтык жанданып жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында көрсөткөн жардамы үчүн БУУ тутумуна ыраазычылык билдирди. 

Өз кезегинде Александр Аванесов Кыргызстан менен уюмдун кызматташуусу ырааттуу өнүгүп жатканын, өлкөдө парламенттик демократияны мындан ары дагы колдоо боюнча пландар белгиленгенин айтты. Ошону менен катар, ал Кыргызстанда фитосанитария жана мал жандыктарын идентификациялоо чөйрөсүндө адистердин даярдыгын жогорулатуу боюнча программаны ишке ашырууга каражат бөлүү жөнүндөгү Орусия менен кол коюлган макулдашуу боюнча учкай маалымат берди.