Жаңылыктар
Ишкер айымдарга өкмөт тарабынан колдоолор көрсөтүлүүдө
Экономика
Ишкер айымдарга өкмөт тарабынан колдоолор көрсөтүлүүдө

Ишкер айымдарга өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет. Ошондуктан өлкө аймагында ишкерликке ык алган айымдардын саны жыл санап өсүп барат. Айымдар өзгөчө жеке мекеме, менчик компания ачып өлкөдөгү кичи жана орто бизнестердин кыймылдаткыч күчү катары кызмат көрсөтүшүүдө. Алар мамлекеттин казынасын байытууга тиешелүү деңгээлде салымдарын кошууда. 

Бүгүн Бишкек шаарындагы ишкер айымдар  ишкердүүлүктү өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар туурасында талкуу уюштурушту. 

Экономика министрлигинин алдында айымдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча  түшүлгөн программа алкагында иш алып барылат. Анын максаты – шаар жана элеттеги  айымдарды ишкер чөйрөсүнө тартуу. Ошондо айымдардын өлкө казынасын байытууга  кандайдыр бир деңгээлде салымдарын кошууга мүмкүндүк жаралат деше адистер.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"