Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы 2018-жылы белгиленет
Маданият
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы 2018-жылы белгиленет

Президент Алмазбек Атамбаев "Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Аталган жарлыкка ылайык, Чыңгыз Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымы, ошондой эле 2018-жылы боло турган туулган күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу атайын токтом кабыл алынды.

Анда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленүүсү талап кылынып, өкмөткө иш-чараларды уюштуру жана даярдык көрүү боюнча бир катар сунуштар берилген.

Эске сала кетсек, Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12- декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.