Жаңылыктар
Дача-Су: жабыркагандар материалдык жардам алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Дача-Су: жабыркагандар материалдык жардам алышат

16-январь күнү таңга жуук Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Су айылына кулаган учактан каза тапкандардын жакындары жана жабыркагандар Түркиянын ACT Airlines авиакомпаниясынан жөлөк пул жана материалдык жардам алуу үчүн документтерди толтуруп жатат. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда бул багытта мамлекеттик нотариус иштеп жатат. Мындан сырткары, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине жарандардан түшкөн каражат дагы бөлүнөт. 

Белгилей кетсек, буга чейин жүк ташуучу учак кулап түшкөн Дача айылынын 100дөй тургуну бийликке компенсация төлөп берүүнү эртелетүү жана элди башка жакка көчүрүү талаптарын коюп митингге чыгышкан эле.  Ошол эле маалда, алардын атын жамынган кээ бир  жарандар дача-сулуктардын социалдык көйгөйлөрүн чечим берүүнү убада кылышып, алдамчылар милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгын Ички иштер министрлигинен кабарлашкан. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"