Жаңылыктар
Бишкек-Кара-Балта унаа жолун жаӊылап куруу иши жакында башталат
Экономика
Бишкек-Кара-Балта унаа жолун жаӊылап куруу иши жакында башталат

“Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду” унаа жолунун курулушу ушул жылдын август айында толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал эми “Бишкек - Ош" унаа каттамынын эки постуна электрондук тосмо орнотулат. Ошондой эле жаңыдан асфалтталган жолдун сапатын аныктай турган эки көчмө лабаратория сатылып алынат. 

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун  жаӊылап куруу иши жакында башталат. Кыргыз мамлекетинин  транспорт жана жол министрлиги менен Кытайдын "China Railway"  компаниясынын ортосунда 70 миллион 239 миӊ 899 долларлык келишимге кол коюлган.  Келишим 3 жылга түзүлгөн. Долбоорго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жүз миллион доллар болүнгөн. Долбоордун алкагында трассаны тийиштүү жабдыктар менен жабдуу,  эл жашаган аймактарда трассанын эки тарабына теӊ жаӊы тротуарларды куруу, жол  четиндеги арыктарды оӊдоо, жөө адамдар жердин астынан жана үстүнөн өтүүчү  тилкелердин эскисин жаӊылоо, жаӊысын куруу иштери да жасаларын адистер белгилешет.  

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"