Жаңылыктар
Өкмөт башчы С. Жээнбеков жумуш сапары менен Баткен облусунда
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы С. Жээнбеков жумуш сапары менен Баткен облусунда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков түштүкө болгон жумуш сапарында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүндүн ачылышына катышты. 

"Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинде жаңы сугат жерин өздөштүрүү» долбоору 2013-жылдан 2017-жылга чейинки Кыргызстандын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты. Долбоорго ылайык узундугу 1 чакырымдан ашык болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү. Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ошондой эле, өкмөт башчы Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымындагы жакын арада курулуш иштери баштала турган участкасын көрөт. Андан кийин Ош шаарына барып, Эл аралык футбол Федерациясы тарабынан каржыланган футбол академиясынын жана бокс мектеп-интернатынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат.