Жаңылыктар
Ипотекалык турак-жай программасы мыйзамдашат
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекалык турак-жай программасы мыйзамдашат

Ипотекалык турак - жай программасында алгачкы төлөм 10 пайыздан ашпайт. Муну милдеттендирүүчү мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы уюштурган баарлашууда депутат Жыргалбек Турускулов журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда, өкмөт ипотекалык турак-жай программасын ишке ашырып баштаганы бул багытта насыя берген коммерциялык банктар үстөк пайызын төмөндөттү. Программаны мыйзам менен бекитүүнүн себеби анын туруктуу иштешин жана жарандардын бардык катмарынын аталган долбоор менен үйлүү болушун камсыздоо.

Бүгүнкү күндө калкты турак жай менен камсыздоочу өкмөттүк ипотека долбоорунун үстөгү 10% жана алгачкы сумма 30%ды төлөшү керек. Мыйзам кабыл алынса, баштапкы төлөм 10%дан ашпайт.

“Мыйзамдык базалар менен бекитилген эмес. 2008-2010-жылы өкмөт программасына киргизген. Бирок аткарылган эмес. Ошондуктан биз өкмөт милдеттүү түрдө аткарсын деп мыйзамды киргизип жатабыз”,- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов.