Жаңылыктар
Кыргыз балетинин чолпону - Бүбүсара Бейшеналиева
Маданият
Кыргыз балетинин чолпону - Бүбүсара Бейшеналиева

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Бейшеналиеванын ысымын алып жүргөн искусство университети артисттин 90 жылдыгына карата эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурду. 

Иш-чарага Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын искусство чеберлери катышып, алар Бүбүсара Бейшеналиеванын кыргыз эле эмес, дүйнөлүк балетке кошкон салымын талкуулашты. 

Ошондой эле тарых жана маданият жылында СССРдин эл артистинин өнөрүн даңазалоо керектиги айтылды.