Жаңылыктар
Дүйнөлүк китеп күнүнүн алкагында жаңы китептин бет ачары өттү
Билим
Дүйнөлүк китеп күнүнүн алкагында жаңы китептин бет ачары өттү

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Бул күнгө карата Бишкекте китеп жарманкеси өттү. Жарманкеге ата-мекендик басылмалар катышты. Иш-чара жыл сайын өткөрүлөт. Жарманкеге келгендер кыргыз авторлорунун китептерин сатып алуу жана Кыргызстан жазуучулар Союзунун мүчөлөрүнөн автограф алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жарманкеде китепти көп окугандар үчүн түрдүү сынактар уюштурулуп, баалуу белектер менен ыйгарылды. 

Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүндө жаңы китеп күнүндө Улуттук китепканада “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, кытайлык кыргыз Макелек Өмүрбайдын “Кыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда” аттуу китебинин бет ачары болду.

Улутубуздун тарыхын ичине батырган китепти жазуучу 30 жылда жазып бүткөн. Китепте байыркы кыргыз каганатын түптөөдө тоодой эмгек кылган тарыхый инсандар жана хандар жөнүндө кеңири айтылат. Иш-чара китеп күнүнө карата уюшулуп,ага акын-жазуучулар, студенттер жана китеп сүйүүчүлөр катышты.