Жаңылыктар
Кайдыгерлик - кырсыкка себеп
Өзгөчө кырдаал
Кайдыгерлик - кырсыкка себеп

95% тоолуу аймака кирген Кыргызстанда жер көчкү болуу коркунучунда турган 5 миңден ашуун жер бар. Мындан улам, өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер калкка түшүндүрүү иштерин ар убак жүргүзүп келет. Тилекке каршы, табигый кырсыктар көпчүлүк учурд адам өмүрлөрүн алуу менен коштолот. 

Ушундан улам, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө кайдыгер мамиле кылган жарандарды жергиликтүү бийлик күч менен көчүрүү ыкмасына өттү. 

Кум-Шоро айылы-Будалык айыл аймагындагы эң жаш айыл. Түптөлгөнүнө 20 жыл толо электе, айыл минтип «калк жашаганга мүмкүн эмес»,- деп табылды. Буга айылдын үстүнөн жылып келип токтоп калган жер көчкүсү негиз болду.

Жергиликтүү бийлик жер маселесин чечкенге чейин, өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер калкка кырсык боюнча эскертүүжолдоп, алдын-алуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө. Азыркы тапта, Ош облусундагы кооптуу аймактардан 1897 турак-үйдүн жашоочусун көчүрүү талабы турат. Мунун ичинен 1331и, буга чейин, мамлекет тарабынан жеңилдетилген ссуда же, жер тилкелерин алып, орун которбой отургандар.

Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жер көчкүлөрдүн активдешүүсүнө быйылкы кардын оор түшүшү, күндүн жылышы негиз болуп жатканын айтат. Мындан сырктары, жер кыртышынын бошоңдоосуна жер силкинүүлөр күчтүү таасирин тийгизет. Ал эми, өткөн-2016-жылы 13 760 ирет жер силкинген.