Жаңылыктар
ӨКМ: атайын эсептеги акча калыс бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: атайын эсептеги акча калыс бөлүндү

"Боинг" 747 учак кырсыгынын кесепетинен каза болгон жана жабыркагандардын жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүүнүн тартибин колдоого алышты. 

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өкмөттүк комиссия кырсыкта жабыркаган жана каза болгондордун жакындары менен жолугуп, маселени талкуулашты. 

Кошумчалай кетсек, атайын эсепке жарандардан 100 млн. сомдон ашык каражат чогулган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражатты өкмөттүк комиссия болушунча адилеттүү бөлүштүрүп, бир тыйыны да бөлөктөрдүн колуна өтүп кетпегидей кылууга аракет жасады. Мындан улам баардык тараптарды камтып, каражаттарды теңме-тең бөлүүгө ушунча убакыт керектелди.

Ошентип каражаттар кырсыкта каза болгондордун жакындарына, жабыркагандар менен моралдык жана материалдык зыянга учургандарга таратылат. Бул атасы-энесинин биринен ажыраган алты балага, каза болгон отуз беш адамдын жакындарына, жабыркаган 18 кишиге жана психологиялык сокку алган 27 жаранга каражат берилет дегендик. Жабыркагандардын өтүнүчү менен каражаттар ар биринин жеке банктык эсептерине которулат.