Жаңылыктар
Мектеп окуучулары муз үстүндө мелдешти
Спорт
Мектеп окуучулары муз үстүндө мелдешти

Кыш мезгилин муз тебүү менен жыйынтыктайбыз. Бишкек шаарындагы Октябрь районунун мектеп окуучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары узап бара жаткан суук мезгилди муз үстүндөгү беттеш менен узатууда.

300гө жакын мектеп окуучулары муз үстүндө ойнолуучу ар кандай спорттук оюндар боюнча мелдешти. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлоо баракчалары берилди. 

Октябрь районундагы ортоңку класстын окуучулары үчүн Бишкек шаардык муз аянтында акысыз муз тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.