Жаңылыктар
Президенттик шайлоонун датасы
Саясат
Президенттик шайлоонун датасы

Кыргызстанда ушул жылы президенттик шайлоо октябрдын үчүнчү жекшембисинде өтүшү мүмкүн. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарынан түштү. 

Буга чейин шайлоо күнүн аныктоо боюнча "атамекенчилер" чуу чыгарып, добуш берүү 19-ноябрда өтсө - бул бийликти басып алууга барабар дегенге чейин барышкан. Бирок кийинчерээк белгилүү болгондой, бул датага Өмүрбек Текебаев баштаган "Ата Мекен" фракциясынын түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталды. 

Анткени азыркы иштеп жаткан мыйзамды демилгелегендердин арасында алты жыл мурун Текебаев да болгон. 

Президенттик шайлоо күнүнүн 19-ноябрга туш келип калганы 2011-жылга барып такалат. Тактап айтканда, мындан алты жыл мурун Роза Отунбаева президент болуп турган убакта эле өлкө президентин шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Добуш берүү күнүнүн датасы анда так жазылып турат.

Эгер календарга карасак ноябрдын үчүнчү жекшембиси 19уна туура келет. Бул дата жогорудагы конституциялык мыйзамдан алынган. Андыктан ата мекенчилердин шайлоо күнү боюнча чуу чыгарып жатканы көпчүлүккө түшүнүксүз.

Бийликтегилер дагы шайлоо 19-ноябрда өтөт деп эч кимге таңуулаган жок. Тескерисинче шайлоо күнүн аныктоо, өзгөртүү парламенттин колунда экенин белгилеген. Ал эми Жогорку Кеңештин чечим кабыл алуу үчүн дагы жетиштүү убактысы бар.

Андыктан юристтер баш мыйзамды комплекстүү түрдө талдап, айрым беренелерге эле таянып элди адаштырууга түртүүдөн алыс болууга чакырышууда. Мыйзамда жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи бир айдын ичинде өтүшү керек деп жазылып турат. Юристтердин айтымында, аны бир ай күтүүнүн кажети жок, эгер зарыл болсо расмий жыйынтык чыккандан бир күндөн кийин эле ант берип, кызматына киришсе болот. Булардын бардыгын эске алганда, 1-декабрда Кыргызстанда толук түрдө жаңы президент болот дегенге негиз бар.