Жаңылыктар
Бүргөндү-2 массивиндеги ирригациялык түйүн пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бүргөндү-2 массивиндеги ирригациялык түйүн пайдаланууга берилди

Кадамжай районунун Актурпак айыл аймагындагы Бүргөндү-2 массивиндеги ирригациялык түйүн пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Президенттик Аппараттын жетекчиси Сапар Исаков катышты. 

 "Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин сугат жерин өздөштүрүү" долбоору Улуттук стратегиянын алкагында ишке ашты. 

Долбоорго ылайык узундугу 1500 метр аралыкта эки суу тосмосу менен дюкер, 3 200 метр аралыкта жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлүүдө.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундарды өлкөдөгү ири долбоордун ишке кириши менен куттуктады. Ал өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен, бардык тармактарды өзүнө камтыган 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясы кабыл алынганын, анын алкагында өлкөдөгү ирригациялык системаны өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп өттү.