Жаңылыктар
Жол кырсыгына кабылган экинчи баланын абалы оор
Кырсык
Жол кырсыгына кабылган экинчи баланын абалы оор

Унаа койдуруп кеткен эки окуучунун бири өзүнө келип, сүйлөөгө жарап калды. Экинчисинин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди. 

Мекеменин маалыматында, кырсыкка кабылган он жаштагы баланын башы, ички органдары жаракат алып, сол ийни сынган. Ал эми экинчи өспүрүмдүн башы жана ички органдарынан сырткары, эки тизеси, омурткасынын жогору жагы сынып кеткен. Кырсык болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу Бишкек шаардык Кайгуул милициясы тарабынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.